Грекияда уланып жаткан демонстрациялардан улам 8-мартта бир катар коомдук транспорт каттамдары токтоп калды. Темир жол тармагында иштеген жүздөгөн жумушчулар иш таштап, өкмөттү коопсуздукка көңүл бурууга чакырууда.
Марттын башында ондогон адамдын өмүрүн алган поезд кырсыгынан кийин башталган демонстрациялар 8-мартта кечинде парламенттин имаратынын алдында аяктайт деп күтүлүүдө.
Премьер-министр Кириакос Мицотакис каргашалуу окуяга адам фактору себеп болушу мүмкүн экенин айткан. Кийинчерээк темир жолдогу коопсуздукка көңүл бурулбай калганы да кырсыкка алып келген болушу мүмкүндүгүн моюнга алган. Окуядан кийин транспорт министри отставкага кеткен.
Мөөнөтү ушул жайда бүтө турган өкмөт күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга убада берген.
1-мартта жүргүнчү жана жүк ташуучу поезддер кагылышканда каза тапкандардын көбү студенттер болгон.
Дагы караңыз
Түштүк Корея биринчи жолу Украинага гаубица берүүгө уруксат бердиБУУнун баш катчысы Гутерриш менен президент Зеленский Киевде жолугатАкылбек Жапаров Анжияндагы UzAuto Motors ишканасына барды “Эркиндик, теңдик, тилектештик”. Бишкектеги жүрүштүн урааны