8-март - Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнүнө карата БУУ билдирүү таратып, Ооганстандагы "Талибан" өкмөтү аялдар үчүн дүйнөдөгү эң каардуу режимге айланганын белгиледи.
Дүйнөлүк уюм эл аралык коомчулук тааныбаган Кабулдагы бийликти кыз-келиндердин укуктарын чектеген эрежелерди жокко чыгарууга чакырды.
2021-жылдын августунда Ооганстандан АКШ жана НАТО күчтөрү чыгып кеткенде, бийликке кайра келген радикал исламчыл топ адегенде аялдардын укуктарын коргоону убада кылган.
Бирок кыз-келиндердин билим алышына, эл аралык уюмдарда, бейөкмөт мекемелерде эмгектенишине, ээн-эркин басып-турушуна тыюу салынды. Өлкөдө гуманитардык кризис күчөп, элди ачарчылык, кедейчилик тооруду.
Эл аралык эмгек уюму бул өлкөдө аялдар арасында жумушсуздук 25% өскөнүн билдирди.
7-мартта "Франс Пресс" агенттиги кабарлагандай, Кабулда 20дай аял нааразылык акциясын уюштуруп, эл аралык уюмдардын оогандарды коргоону суранды.
"Талибан" кыймылы көп мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик деп табылган.
Дагы караңыз
“Эркин кыз. Эркин Кыргызстан”. Бишкектеги жүрүш (видео)Түштүк Корея биринчи жолу Украинага гаубица берүүгө уруксат бердиБУУнун баш катчысы Гутерриш менен президент Зеленский Киевде жолугат"Аялдар укугу үчүн" маршы аяктады, бир кишини милиция кармап кеттиЧукул кабар: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал