Чукул кабар: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 8-мартта саат 16.00дар чамасында Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым аймактарында ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал болору эскертилген.

Аталган министрлик буга чейин мындай учурда машинелерди бак-дарактардын, имараттардын алдына токтотуу опурталдуу экенин белгилеген.

Өлкөдө катуу шамалдын айынан үйлөрдүн, имараттардын чатырлары кыйрап, бак-дарактар сынып автоунааларды жана адамдарды басып калган учурлар болгон.

Дагы караңыз

Аялдар маршынын 10 талабы жарыяланды Үйү түрттүрүлгөн Шаболотованын тамы кайра салына баштады Министрлик: Жалал-Абадда 1160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт Америкалык генерал Орусия согушта 70тен ашык учагын жоготконун айттыУкраина менен Орусия өз ара туткундарды айырбаштады Эрбол Султанбаев жаңы дайындалган акимдер кантип тандалганын айтты