Беларус журналисттеринин ассоциациясы “экстремисттик уюм” деп табылды

Беларус журналисттеринин ассоциациясы “экстремисттик уюмдардын” тизмесине киргизилди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, беларус Мамлекеттик коопсуздук комитетинин 28-февралдагы токтомуна ылайык, Ички иштер министрлиги "экстремисттик уюмдардын" тизмесин жаңылады.

Беларус журналисттер ассоциациясынын сайтындагы маалыматка ылайык, бул уюм кесипкөй журналистика менен алектенгендердин жана журналистиканын өнүгүшүнө колдоо көрсөткөндөрдүн ыктыярдуу, бейөкмөт бирикмеси.

1995-жылдын күзүнөн бери иштеп келе жаткан бирикме 2006-жылы кайра каттоодон өткөн. 2021-жылдын августунда Беларустун Жогорку Соту Юстиция министрлигинин доо арызынын негизинде уюмду жоюу чечимин чыгарган.

Беларус журналисттеринин ассоциациясы өлкөдөгү сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарынын укуктары бузулган учурларга мониторинг жүргүзөт.

Дагы караңыз

Бахмутта төрт миңге жетпеген тургун калды, алардын 38и балдарМектеп: Мугалимдин кадыр-баркы, окуучунун тарбиясы Германияда тажик жараны “ИМ” тобун каржылаган деп айыпталуудаАкылбек Жапаров: Аткезчилик менен кармалган товар мамлекетке алынат"Журналисттик этика сакталган". Сот "Азаттыктын" арызын четке какты