Орус аскерлери атып салган жоокердин аты-жөнү жарыяланды

Атып өлтүрүлгөн аскер. Сүрөт видеодон алынды.

Украинадагы согушта туткунга түшүп калгандан кийин атып өлтүрүлгөн жоокер Тимофей Шадура экени айтылууда.

Украин армиясынын 30-механизацияланган бригадасы жарыялаган маалыматка ылайык, ал 2023-жылы 3-февралда Бахмут шаарындагы кармаш жүргөн райондордун бириндеги салгылаштан бери дайынсыз болчу.

"Биздин жоокердин сөөгү оккупацияланган аймакта жатат. Анын тек-жайы сөөгү кайтарылгандан соң атайын экспертизадан кийин айтылат", - деп жазылган билдирүүдө.

"Менин иним экенине 100% ишенем. Көзү, үнү, кантип чылым чеккени - баары аныкы", - деп 41 жаштагы Шадуранын эжеси жергиликтүү журналистке айтып берген.

Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетте тараган. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок аткандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат.

Украин президенти Владимир Зеленский киши өлтүргүчтөрдү табууга убада берди. Баш прокуратура жана атайын кызматы үрөй учурган видеого байланыштуу иликтөө баштады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба бул окуяга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылды.

Омбудсмен Дмитрий Лубинец "Орусиянын аскер кылмыштарынын кезектеги далили" катары видеону эл аралык өнөктөштөрүнө жана башка мамлекеттердин омбудсмендерине жибергени маалым болду.

Жогорку Рададагы "Эл кызматчысы" фракциясы жоокердин аты-жөнү расмий бышыкталган соң "Украинанын баатыры" наамына көрсөтөрүн билдирди.

Кремль мындай дооматка комментарий бере элек. Украинадагы согушта эки тараптан тең туткундарды атып салды деген маалыматтар буга чейин дагы айтылып, Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөгөн.

Женева конвенциясы согуш туткундарынын өмүрүн сактоого, аларга гумандуу мамиле жасоого кепилдик берет. Бул эл аралык документке Орусия да кошулган. Туткундарды өлүмгө тартуу же аёосуз мамиле кылуу аскер кылмыштарына барабар.

Дагы караңыз

Бахмутта төрт миңге жетпеген тургун калды, алардын 38и балдарМектеп: Мугалимдин кадыр-баркы, окуучунун тарбиясы Германияда тажик жараны “ИМ” тобун каржылаган деп айыпталууда