Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун архитектура жана жер, курулуш тармагын тейлеген айрым жооптуу кызматкерлери жемкорлукка шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бүгүн 7-мартта билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Бишкектин Башкы архитектура башкармалыгынын, Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Аламүдүн райондук Архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып, өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизм уюштурган” деген негизде кылмыш иши козголду.
Алар жеке кызыкчылыгы үчүн Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга каттаган, башкача айтканда, шаардын менчигин басып алышкан деп айыпталууда.
Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иши жүрүп жатканы кабарланды.
Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму 31-январда былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келди. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)
Дагы караңыз
Бишкектеги үйлөр зилзалага туруштук береби?CNN: Бахмутта Орусия Украинага караганда беш эсе көп аскерин жоготту "Бир үйдөн 28 киши дайынсыз". Зилзалада жоголгондордун көбү табыла элекДүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жолугушуу өтөт