Орусиянын Хабаровск шаарында активист, пенсионер Зигмунд Худяков "коомдук иш-чара өткөрүү эрежесин бузду" деген айып менен 20 күнгө камакка алынды. Ал 27-февралда сегиз жыл мурун өлтүрүлгөн Борис Немцовду эскерип маек берген. Бул тууралуу Sibir.Realii сайтына адвокат Владимир Мазнев билдирди.
Худяков саясатчыны эскерүү иш-чарасында "милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбады" деп айыпталууда. Окуянын күбөлөрү тарткан видеодо пенсионердин кармоого каршылык көрсөтпөгөнү көрүнүп турат.
Аны 20 суткага камоо чечимин 6-мартта Хабаровск шаарындагы райондук сот чыгарды. Адвокаттын айтымында, мындай жаза чегерүүгө Худяков журналисттерге берген интервьюда "президентти сындаганы" негиз болгон.
Оппозиция лидери Немцовду 8 жыл мурун, 2015-жылы 27-февралда Москванын чок ортосунда атып кетишкен. Владимир Путиндин режимине жана Украина менен согушка каршы чыккан саясатчыны эскерген иш-чаралар быйыл Орусиянын ар кайсы шаарларында өттү.
Дагы караңыз
Өзбекстанда наркоздон кийин көз жумган вайнердин өлүмү иликтенүүдөИранда кыздардын ууланышын чагылдырган журналист кармалдыБыйыл эмне эгиш керек? Айыл чарбадагы багыттар өзгөрүүдө