Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси "жогорку деңгээлдеги жолугушууларды" өткөрүү үчүн жума күнү Иранга барды. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттиги кабарлады.
Буга чейинки кабарларда Гросси Тегеранды мурда жарыяланбаган жерлерде табылган уран издерин иликтөөдө кызматташууга чакырууну көздөй турганы айтылган.
Иран мурда ачыкка чыгарылбаган үч жайда табылган урандын издерин текшерүүгө көп жылдан бери бут тосуп келаткандыктан, былтыр МАГАТЭде 35 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган башкаруучулар кеңеши Ислам жумуриятын кызматташтыкка милдеттендирген резолюция кабыл алган. Бирок эч кандай жылыш болгон эмес. Андыктан Гросси Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушуу "туңгуюктан чыгууга жол табууга көмөктөшөт" деп ишенери кабарланган.
Гроссини Тегеран аэропортунан Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эсламинин орун басары жана анын басма сөз катчысы Бехруз Камалванди тосуп алды.
Батыш Тегеран өзөктүк курал жасоого аракеттенет деп шектенет, бирок Иран бийлиги бул багыттагы программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн айтып келатат.
Дагы караңыз
"Тууну четтен көтөргөндө толкунданам". Эгемендиктин энбелгисине 31 жыл Ошто милиция кызматкери басымга кабылганын айттыПрезидент жаңы ипподромго жер бөлүп, ордуна ипотека үйлөрүн курууну сунуштадыДонецк облусундагы Енакиевонун үстүнөн аскердик учак атып түшүрүлдү