Украинанын бардык аймагында аба соккулары тууралуу эскертилди

Баш калкалоочу коопсуз жердин дарегин көрсоткөн белги. Киев.

Украинанын дээрлик бардык аймагында абадан эскертүү жарыяланды. Соккулар болушу мүмкүндүгү жөнүндө 3-мартта эртең менен Киевдин жана бардык аймактардын жашоочулары кабардар болуп, баш калкалоочу жайларда болуу сунушталды. Шашкеде бир катар аймактарда абал тынч экени айтылып, кээ бир облустарда коркунуч жоктугу кабарланды. Бирок абал чыңалып турат.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалыматы боюнча, Орусия былтыр 24-февралдан бери Украинанын аймагына дээрлик беш миң ракета учурган.

2-мартта Запорожье шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийген ракеталык чабуулдан каза болгондордун саны беш кишиге жетти. Дагы он адамдын дайыны чыкпай жатат.

Бир күн мурун Харьковдо жарандык объектилерге үч ракета атылганда бир канча киши жараат алган.

Жума күнкү расмий кабарларда Украинанын аскерлери өткөн суткада көптөн бери кармаш күчөгөн Бахмут, Купянск, Лиман, Авдеевка жана Шахтерск калааларында Орусиянын 85 соккусунун мизин кайтарганы айтылды.

3-мартка караганда түнү Орусиянын Коломна шаарынын үстүндө жарылуу болгону кабарланды. Укук коргоо органдары учкучсуз учактар жарылган болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Бирок анын чоо-жайы белгисиз.

Дагы караңыз

Беларуста "Нобелдин" лауреаты Беляцкий 10 жылга кесилдиӨзбекстанда диний ыр үчүн соттолгон студенттин жазасы жеңилдетилдиЗапорожьеде ракеталык чабуулдан кийин он кишинин дайыны чыкпай жатат