Өзбекстанда Telegram аркылуу классташына диний ыр жөнөткөнү үчүн соттолгон Сардор Рахмонкулов шарттуу түрдө эркиндикке чыкты.
2-мартта Ташкент шаардык соту 22 жаштагы студенттин жазасын кайра карап, ушундай чечим кабыл алганын өлкөнүн Жогорку Соту билдирди. Расмий билдирүүдө бул чечим "мыйзамда каралган калыстык жана адап-ахлактык жактан кайра тарбиялоо принциптерине негизделгени" айтылат.
Рахмонкулов былтыр кармалгандан кийин жети ай тергөө абагында отуруп, быйыл 30-январда 5 жылга эркинен ажыратылган.
Диний комиссиянын бүтүмүнө ылайык, ал үч жыл мурун классташына жөнөткөн диний мүнөздөгү ыр "диний-фундаменталисттик" чыгарма деп табылган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Дагы караңыз
Салык кызматы митингдер боюнча жооп кайтардыЭгемендик туусу жоопкерчиликтүү турумубузду күтөтГрекияда поезд кырсыгынан кийин темир жол кызматкерлери иш таштадыНурланбек Шакиев АКШ Конгресси менен кызматташууну чыңдоону сунуштадыМилиция кызматкери президент Жапаровго кайрылуу жасадыГрузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингде ондогон адам кармалды