Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шрёдердин партиясы аны Орусиянын мамлекеттик компаниялары менен байланышы үчүн жазалабайт.
Жергиликтүү маалымат каражаттары мындай кабарды 2-мартта таратышты. Социал-демократиялык партиянын арбитраждык комиссиясы экинчи инстанцияда экс-лидерди өз катарынан чыгарууга каршы добуш берди.
Демилгени партиянын 17 регионалдык уюму көтөргөн. Алардын билдирүүсүндө, Украинадагы согуш башталгандан бери Шрёдер Москвадан жана президент Владимир Путинден, Орусиянын газ секторунан оолактаган жок.
Саясатчы согуш тууралуу карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жасаган, «Роснефть», «Газпром», «Түндүк агым AG» компанияларынын пайдасына ишмердигин токтоткон эмес.
Былтыр августта комиссия биринчи инстанцияда Путин менен дос мамилеси партиянын уставын бузбайт, бул анын жеке иши деп чечкен.
Саясатчы 1998-2005-жылдары канцлер болуп турду, Социал-демократиялык партияны 1999-2004-жылдары жетектеген.
Былтыр май айында атайын укуктары алынып салгандан кийин Шрёдер аларды калыбына келтирүү үчүн Бундестаг менен соттошууда.
Дагы караңыз
Жаңы министрдин дымактуу пландары ишке ашабы?Атомдук энергия агенттигинин жетекчиси Гросси Иранга баратАдам укуктары: Министр Кулубаевдин баяны жана активисттердин баасы Коомдук кеңештерди жоюуну сунуштаган мыйзам долбоору талкууланды