Баткен облустук соту кызын сабаган келиндин иши сотко өткөнүн билдирди

"Турмуш" сайтынын видеосунан алынган кадр. Келиндин бети этикалык себептерден улам жабылды.

Кадамжайда эки жаштагы кызын сабап жатканы видеого тартылган келинге козголгон иш боюнча соттук кароо 2-мартта башталып, 6-мартка жылдырылды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы 2-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, келиндин бөгөт чарасы 16-февралда Кадамжай райондук сотунда каралып, соттук териштирүү бүткөнгө чейин үй камагына чыгарылган.

1-февралда Кадамжай райондук сотунда келинди 1-мартка чейин камакта кармоо чечими чыккан. 8-февралда Баткен облустук соту райондук чечимди күчүндө калтырган.

30-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы келинге Кылмыш-жаза кодексинин “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп-сабоо” деген 138-беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, 27-январда аларга арыз менен келиндин жарандык никедеги күйөөсү кайрылган. Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген жана ага мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Арыздануучунун айтымында, ал ошол эле райондун Марказ айылынын 38 жаштагы тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан. Кийин пикир келишпестик айынан чогуу жашабай калышкан.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеген. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. (JsA)

Дагы караңыз

Кант диабетине чалдыккан балдардын ата-энелери инсулин тартыштыгын чечүүнү талап кылды Таласта Манастын айкели орнотулатПрезидент өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын айттыЧет өлкөлүк жаранды мазактаган киши жазага тартылды