Кыргыз аскерлеринин тактикалык машыгуусу өтүп жатат

Машыгуунун катышуучулары.

Коргоо министрлигинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы полигонунда 2-мартта пландалган тактикалык машыгуу өтүп жатат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, машыгуунун жүрүшүнө мамлекет башчысы Садыр Жапаров көз салып, жоокерлер күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда аскердик чеберчилигин, ырааттуулуктун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгиледи.

Иш-чара алкагында аскерлер мыйзамсыз куралчан топторго бөгөт коюп, аларды жок кылуу жөндөмүн көрсөтүштү.

Машыгууга 200гө жакын жоокер, 30дай автоунаа, бронетранспорттук жана атайын техника, замбирек жана минометтук артиллерия, армия жана аскердик транспорттук авиациялык техника катышууда.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров кызмат көрсөтүү тармагына Face ID киргизүүнү сунуштадыСот "Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызын кароону 7-мартка жылдырды Милиция Бишкектеги жол кырсыгынын чоо-жайын териштире баштады Чет өлкөлүк жаранды мазактаган киши жазага тартылды