Президент өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын айтты

Балыкчы шаарындагы база.

Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын президент Садыр Жапаров 2-мартта Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарында жайгашкан Курал-жарак жана аскердик техника оңдолуучу борбордук базасына барганда айтты.

Мамлекет башчысы Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган бир катар тапшырмаларды бергенин президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Былтыр октябрда ачылган базада курал-жарак жана аскердик техника оңдоодон, комплекстүү техникалык тейлөөдөн өтүп турат.

Президентке базанын аймагын кеңейтүү, зооттолгон танк техникасын сактоочу жайларды куруу, оңдоо үчүн кошумча жабдыктарды орнотуу, коопсуздук тутумун чыңдоо жана башка көптөгөн пландар тууралуу маалымат берилгени кабарланды.

Дагы караңыз

Орусия ракетасынан Запорожьеде көп кабаттуу үй кыйрап, үч киши каза таптыКаатчылык канчага уланат? Энергетикада керектөө, карыз өсүүдөКемпир-Абад иши: Абыловду кайра абакка которуштуТаласта Манастын айкели орнотулат