Кадамжайда өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөндөргө өкүм чыкты

Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн өспүрүм кыздын өлүмүнө айыпталгандарга өкүм чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, бири 28-февралда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды, экинчиси (кылмыш жасаган учурда 11-класстын окуучусу болчу) 7-февралда он жылга кесилди. Ишти Кадамжай райондук соту карады.

Окуя былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында болгон. 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм бала кармалган. Өспүрүм Жалал-Абаддагы, калган үчөө Оштогу абакка камакка алынган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

“Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон иштин тергелиши жеке көзөмөлүндө болорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.

Дагы караңыз

Иранда депутат окуучу кыздардын табышмактуу ооруга чалдыкканын иликтөөгө чакырдыЕЭКке Мамыткановдун ордуна Алишеров министр болдуЖогорку Кеңеш министр кызматына Иманалиевдин талапкерлигин колдоду Блинкен АКШ Борбор Азияга 25 миллион долларлык жардам берерин жарыялады