Өзүнө өрт койгон адам ооруканада көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өзүнө бензин чачып, өрт койгон адам ооруканада каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 1-мартка караган түнү Тез жардам клиникалык ооруканасында өзүнө келе албай көз жумду.

Окуя 28-февралда Шопоков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тез жардам кызматы аны ооруканага жеткирген.

Өзүнө өрт койгон адам 44 жашта болгону, денесинин дээрлик 80% күйүп калганы маалымдалды. Мындай кадамга аны кайсы жагдай түрткөнү тууралуу азырынча комментарий бериле элек. Милиция териштирүү жүргүзүп жатат.

Дагы караңыз

Жоогазын гүлү жок болуп кетүү коркунучундаБишкек мэри таштанды полигонуна чехиялык компания завод курарын билдирдиБишкек мэри мындан ары мыйзамсыз курулушка жол берилбесин билдирдиБишкек мэри курулуш эрежелери сакталбаган үйлөрдү текшерүү зарылдыгын билдирди