Зеленский Бахмут шаары үчүн кармаш күчөгөнүн билдирди

Украин аскерлери Бахмутта. 27-февраль 2023-жыл

Украинанын Бахмут шаары үчүн айыгышкан салгылашуулар уланып, жоокерлер орус армиясынын чабуулуна туш болуп жатат. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский билдирди. Орусия Бахмутту курчоого алуу максатында көп сандагы жөө аскерлерди колдонуп, украин күчтөрүнө кысымын күчөтүүдө.

"Орусия адамдарды такыр эсепке албайт, аларды позицияларыбызга улам чабуул коюуга жөнөтөт. Уруш күчөп баратат", — деди Зеленский 28-февралдагы кечки кайрылуусунда.

Украин куралдуу күчтөрүнүн башчылары аскерлер Донецк облусунун чыгышындагы шаарга чабуулдарын дагы күчөткөнүн 1-мартта маалымдады.

Башкы штабдын күндөлүк бюллетенинде айтылгандай, соңку 24 саатта 85 чабуулдун мизи кайтарылды, анын алдыңкы күнү 60 чабуул тууралуу кабарланган. Маалыматка караганда, абадан коргонуу күчтөрү Иранда жасалган эки дронду атып түшүрдү, шейшембиде украин аймагына абадан 12 сокку урулду, бир нече карапайым киши жараат алды.

28-февралда CNN телеканалына берген интервьюда президенттин кеңешчиси Александр Роднянский украин күчтөрү Бахмуттан “стратегиялык максатта чегиниши ыктымал” деп айтты.

Шейшембиде АКШнын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү фронт тилкесиндеги абалды оор деп сыпаттап, Орусия жакынкы аралыкта олуттуу ийгиликке жетишет деп күтпөгөнүн белгиледи.

Зеленский Батыш өнөктөштөрдү украин армиясынын коргонуу дареметин көтөрүү үчүн учактар менен камсыздоого чакырып келатат.

Орусия Бахмутка өткөн жайдан бери чабуул коюп келатат, бирок жыл башында ал жактагы аракеттерин күчөттү.

Талдоочулардын айтымында, дээрлик толугу менен талкаланган шаарды алуу Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ эмес, бирок Москва аскерлерге дем берүү максатында Бахмутту өзүнө кайтарууга аракеттенүүдө.

Дагы караңыз

Кыргызстан биологиялык коопсуздук жаатында Орусия менен тыгыз кызматташканы жатат Молдовада орусиячыл партия кайрадан митинг уюштурдуУранкай: Демократия болбойт дегендик –кул заманга кайталы деген эле кепӨзүнө өрт койгон адам ооруканада көз жумду Армиядагы "чоңсунуу", аскер башчынын талкуу жараткан билдирүүсү