Петербургдагы Пулково аэропорту шейшембиде учактарды кабыл алууну жана учууларды убактылуу токтотту. Бул тууралуу шаар бийлиги кабарлап, бирок мунун себебин тактаган жок.
Телеграм-каналдар аба мейкиндигинде «белгисиз жабдык» байкалганын жазышты.
Петербургдун аба мейкиндиги жабылганын биринчи болуп маалымдаган Baza Телеграм-каналы чек араны бузуу же белгисиз учуучу аппараттар аныкталган учурдагы план ишке киргизилгенин билдирди. Мындай абалда аскердик жана куткаруучу учактардан башкалары жерге конууга тийиш экенин “112” каналы жазды.
Flightradar24 кызматынын маалыматына караганда, Петербургдун асманында жүргүнчү учактар жок болчу.
Дагы караңыз
Кыргызстанга кирген товардын көбү Орусияга жана Беларуска кетип жатканы айтылдыМинистрлик онкология борборундагы кезек маселесин чечүүнү тапшырды Блинкен Вашингтон Казакстандын суверенитетин колдой турганын билдирди