Кошмо Штаттар Орусия менен стратегиялык өзөктүк куралданууну чектөө жөнүндөгү СНВ-3 деп аталган келишимди толук аткаруу үчүн биргелешип иштөөгө даяр. Бул тууралуу 27-февралда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Бонни Женкинс билдирди.
АКШ президенти Жо Байдендин администрациясында куралдануу маселелерин көзөмөлдөө кызматын ээлеген Женкинс Бириккен Улуттар Уюмунун Женевада өткөн куралсыздандыруу маселелери боюнча конференцияда:
"Орусия жоопкерчиликтүү өзөктүк держава эмес экенин бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу көрсөттү", - деп айтты.
Ошону менен катар ал Кошмо Штаттар СНВ-3 келишиминин талаптарын аткаруу үчүн Орусия менен эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу шартында жигердүү иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө быйыл өзөктүк куралды өнүктүрөрүн 23-февралда билдирген. Ал куралдуу күчтөр «Сармат» ракета комплекси менен камсыздалганын, дагы бир нече алдыңкы оор курал өндүрүлөрүн, флот үч атомдук крейсер менен толуктарын убада кылган.
СНВ-3 деген ат менен белгилүү стратегиялык куралдарды чектөө келишимине 2010-жылы АКШ менен Орусия кол коюшкан. (RK)
Дагы караңыз
Украинадагы согуш: Астана Бээжиндин планын кубаттады "Жалпы карыздын теңи": жолго корогон миллиондорЭки жыл мурун киши колдуу болгон Айзада тууралуу тасманын бет ачары өттү Бакиев Дубайдагы жолугушуу тууралуу пикирин билдирди