Равшан Жээнбековдун адвокаты тергөө судьясына арызданды

Равшан Жээнбеков.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев ага жакындары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтып, тергөө судьясына арызданды. Бул тууралуу жактоочу бүгүн 27-февралда билдирди.

Жоошевдин айтымында, ал 18-февралда тергөө тобунун башчысы Улан Жапековго кайрылып, Жээнбековго ооруканада жакындары менен көрүшүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн, бирок анын өтүнүчү четке кагылган.

Жактоочу андайга тергөөчүдө негиз болбогонун, ошондуктан тергөө судьясына кайрылганын айтты.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчы ден соолугу начарлаганына байланыштуу борбор калаадагы менчик клиникалардын бирине 14-февралда жаткырылган.

Тергөө жүргүзүп жаткан мекеме адвокаттын айтканы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Тажикстанда көчкү алдында калган эки кишинин сөөгүн издөө иши улануудаПрезидент Жапаров мамлекет менен муфтиятты эриш-аркак иштешүүгө чакырдыЭки жыл мурун киши колдуу болгон Айзада тууралуу тасманын бет ачары өттү Кемпир-Абад иши: Адвокат камактагы Журабаеванын абалы начарлаганын билдирди