НАСА жана SpaceX корпорациясынын кемеси учурулбай калды

Кеннеди космос борбору. Канаверал, 27-февраль 2023-жыл

27-февралда АКШнын Космос агенттиги – НАСА жана SpaceX корпорациясы төрт астронавтты учурууну акыркы мүнөттө токтотуп, кийинкиге калтырды. Мындай чечим «Фалкон-9» ракета ташуучуга отун жүктөөдө маселе пайда болгондон соң кабыл алынды. Стартка даярдык Youtube каналында түз көргөзүлүп жаткан.

Маалыматка караганда «Крю Дрэгон» кемеси Эл аралык космос станциясына 2-мартта жөнөшү ыктымал.

Канавералдагы космодромдон ушуну менен алтынчы коммерциялык кеме учурулмак. Экипажга америкалык Стивен Боуэн жана Вуди Хобург, Бириккен Араб Эмиратынан Султан Ал-Нейади жана орусиялык Андрей Федяев кирген. Алар станцияда жарым жыл өткөрмөкчү.

Дагы караңыз

"Орусияга кайра киргизбей коюшту". Мариуполдон чыга албай калган мигрант "Кыргызстан, Армениянын Орусияга экспорту эки эсе өстү". Батыш санкцияны буйтаган жолдорду иликтейт"Жаштайынан базарда иштеген балдардын көбү оорукчан болуп калды" Украина: Кытайдын "тынчтык планы" кандай максатты көздөйт? “Амазонду” жасалма интеллект жазган китептер каптады