Финчалгын кызматына төрага болуп Канат Асангулов дайындалды

Финчалгын кызматынын төрагасы болуп Канат Асангулов (солдон төртүнчү)дайындалды.

Мамлекеттик финансылык чалгын кызматынын төрагасы болуп Канат Асангулов дайындалды. Дайындоо тууралуу Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 27-февралда кабарлады.

Интернеттеги ачык булактардагы маалымат боюнча, 55 жаштагы Асангулов 2007-2010-жылдары экономика, каржы министрликтеринде, Социалдык фонддо жетекчинин орун басары кызматтарын ээлеген.

2009-жылы түзүлүп, кийин жоюлган Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте (ЦАРИИ) бюджеттик кызматтын жетекчиси болгон.

Асангулов Финчалгын кызматын туура эки жыл башкарган Канатбек Тургунбековдун ордуна барды. Тургунбеков бүгүн Мирлан Бакировдун ордуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп дайындалды. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Украинага "жанкечти" дрондор менен чабуул койду Кемпир-Абад иши: Адвокат камактагы Журабаеванын абалы начарлаганын билдирдиӨкмөт башчы билим берүү системасын толук өзгөртүү керек экенин айттыАжылык сапарды уюштуруу жана өлкөдөгү ысырапкорчулукту жоюу маселелери талкууланды