Кемпир-Абад иши: Адвокат камактагы Журабаеванын абалы начарлаганын билдирди

Гүлнара Журабаева.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын ден соолугу начарлап кеткендиктен аны ооруканага жаткыруу зарыл экенин 27-февралда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Адвокат абактагы шарттар 64 жаштагы Журабаеванын абалына терс таасир тийгизгендиктен, анын өнөкөт оорулары козголуп жатканын айтты.

«Кылмыш кылбаган, анын үстүнө ушул куракка келип калган адамды камакта кармоо акылга сыйбаган иш», - деген юрист бүгүн Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү Журабаевагы жолугуп чыкканын кошумчалады.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Дагы караңыз

"Өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоол болсом, Канадага кетүүгө даярмын". Бөлтүрүк президенттен кечирим сурады Кыргызстандын мамлекеттик карызы 431 миллион долларга өстүИталиянын жээгинде чөгүп кеткен мигранттардын саны 61ге жеттиМамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмашты