Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмашты

Мирлан Бакиров.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров кызматтан кетти.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 27-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды. Ал 2021-жылдан бери Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп иштеп турган. Ага чейин президенттик шайлоо учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун штабын башкарган. 2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын штабын жетектеген.

Мирлан Бакиров бул кызматты 2021-жылдын март айынан бери ээлеп турду. (TAb)

Дагы караңыз

Аба ырайы: Күн жылуу болотБУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Орусия катуу сынга кабылдыКыйноого каршы борбор: Көз каранды эмес иликтөө өтүнүчтөрүнүн көбү каралбай калуудаКытайлык адистер Өзбекстанга жакырчылыкты кыскартууга жардам берет