Орусияда оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерип жатышат

Томскидеги мемориал. 27-февраль, 2023-жыл

Орусиянын бир нече шаарында оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерип жатышат. Маркумду 2015-жылы 27-февралда Москвада, Кремлдин жанында атып кетишкен. Путин режиминин сынчысы Украина согушуна да каршы чыккан.

Саясатчы өлтүрүлгөн жерде элдик мемориал пайда болгон. Бийлик ал жердеги гүл, сүрөттөрдү бир нече жолу алып салган, активисттерди кармаган учурлар болгону менен мемориал кайра калыбына келтирилген. Акыркы мезгилде бийлик ага тийген эмес.

"Сота" басылмасы дүйшөмбүдө ал жерге барган айрым адамдарды полиция токтотуп жатканын, бирок эч ким кармалбаганын маалымдады.

"Настоящее время" телеканалы кабарлагандай, эскерүү иш-чаралары Казан, Пермь, Екатеринбург, Новосибирск шаарларында өттү. Адамдар негизинен саясий туткундардын эстеликтерине жанаша пайда болгон мемориалдарга гүл алып келип жатышты.

Немцовду өлтүрүүгө Чеченстандын беш тургуну айыпталып, узак мөөнөттөргө абакка кесилген. Арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар. Бирок буйрук берген адамдар азыркыга чейин аныктала элек. Маркумдун жакындары жана тарапташтары тергөөнү сындашкан. Алардын пикиринде, кылмышка Орусиянын же Чеченстандын бийлигинин тиешеси бар.

Дагы караңыз

"Орусияга кайра киргизбей коюшту". Мариуполдон чыга албай калган мигрант БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Орусия катуу сынга кабылдыКыйноого каршы борбор: Көз каранды эмес иликтөө өтүнүчтөрүнүн көбү каралбай калуудаКытайлык адистер Өзбекстанга жакырчылыкты кыскартууга жардам берет