28-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Түштүк-чыгыштан шамал согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12,
Талас дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4 градуска чейин жогорулайт.
Бишкек шаарында жаан жаабайт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +9…+11 градус болот.
Дагы караңыз
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Орусия катуу сынга кабылдыКыйноого каршы борбор: Көз каранды эмес иликтөө өтүнүчтөрүнүн көбү каралбай калуудаКытайлык адистер Өзбекстанга жакырчылыкты кыскартууга жардам беретИшкер айымдар үчүн Германияга сапар уюштурулат