Кыйноого каршы борбор: Көз каранды эмес иликтөө өтүнүчтөрүнүн көбү каралбай калууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жабык жайда кыйноого кабылганын айткандардын арызы боюнча көз каранды эмес териштирүү жүргүзүү иши жакшы болбой жатканын Кыйноолорго каршы улуттук борбор билдирди. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, соңку бир жылда мындай териштирүү жүргүзүү тууралуу өтүнүчтөрдүн 84% каралбай калган.

Ошону менен катар, борбор билдиргендей, соңку беш жылда кыйноого кабылганын айтып кайрылгандар 1,5 эсе азайды – 2018-жылы бул көрсөткүч 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6% болгон. Беш жыл мурда камакта отургандардын ар бир үчүнчүсү кыйноо тууралуу билдирсе, былтыр ар бир бешинчи адамдан арыз-даттануу түшкөн.

Кыргызстанда кыйноого кабылгандардын көбү милициядан запкы жегенин айтса, калганы Улуттук коопсуздук комитетинин, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн колунан азап чеккенин билдирген. Укук коргоочулар балдар үйлөрү менен интернаттарда, карылар үйлөрүндө жана психиатриялык стационарларда кыйноо фактылары бардыгын белгилешет. (RK)

Дагы караңыз

Кытайлык адистер Өзбекстанга жакырчылыкты кыскартууга жардам беретИшкер айымдар үчүн Германияга сапар уюштурулат АКШнын Энергетика министрлиги COVID-19 лабораториядан тарашы ыктымал деп эсептейтМинистрлик Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу быйыл толук аяктай турганын айтты