Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 27-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министрлиги кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.
Ал билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепцияны бир айда даярдап, парламентке алып келерин билдирди.
24-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев кесиби боюнча журналист жана буга чейин Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.
2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин президент Садыр Жапаровдун саясатынын бир катар багыттарын сындап жүргөн, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон. (TAb)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталдыИманалиев: бир айда билим берүү тармагын реформалоо концепциясы иштелип чыгат Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк президентке кечирим сурап кайрылды АКШнын чалгын кызматы: Кытай Орусияга курал берүүнү караштырууда