Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

27-февралда саат 5:58де Ысык-Көл облусунда күчү очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме анын очогу кайсы жерде жайгашканын тактаган жок.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургак айылдарында үч жарым балл, Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында үч баллга чейин сезилген. Баштапкы маалыматтарга караганда, силкинүүдөн жабыркагандар жок.

Былтыр 28-декабрда Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектеш аймагында күчү алты баллга жеткен жер титирөө катталган. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес. (TAb)

Дагы караңыз

Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк президентке кечирим сурап кайрылды АКШнын чалгын кызматы: Кытай Орусияга курал берүүнү караштыруудаИркутскинин согушка тартылган тургундары Путинге кайрылдыИрандын валютасы рекорддук деңгээлде арзандады