АКШнын Чалгын кызматынын директору Уильям Бернс Кытай бийлиги Орусияга Украинадагы согушта колдонула турган курал-жарак берүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин билдирди. Бирок анын айтымында, Бээжин азырынча акыркы чечимди кабыл ала элек. Бул тууралуу ал CBS News телеканалынын эфиринде билдирди.
CIA Director William Burns says the U.S. is “confident” that China is "considering the provision of lethal equipment" to aid Russia%27s invasion of Ukraine. Burns told @margbrennan that the U.S. is hoping to "deter" Beijing from making a "very risky and unwise bet.” pic.twitter.com/9iD5XLGAy0
— Face The Nation (@FaceTheNation) February 25, 2023
Буга чейин Кытай Орусияга курал-жарак берүү тууралуу келишим түзүшү мүмкүн экендигин CNN, Financial Times жана Spiegel сыяктуу абройлуу батыш медиа каражаттары жазып чыгышкан. Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ мындай келишимге каршы экенин жана Бээжин муну ишке ашыра турган болсо, кесепети оор болорун билдирген.
Бернстин айтымында, учурда АКШнын атайын кызматында Кытай Орусияга курал-жарак берип жаткандыгы тууралуу эч кандай дилил жок. АКШ бийлиги бул маселени утур-утур көтөрүү менен Кытай бийлигин Орусияга курал-жарак берүү ниетинен баш тарттырууга ынандыргысы келет.
Кытай жакында эле 12 пункттан турган тынчтык планын сунуштады. Анда мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматтоо, сүйлөшүүлөрдү алдын ала коюлган шарттары жок баштоо, "Кансыз согуш" менталитетинен баш тартуу, Орусияга каршы кабыл алынган санкцияларды айыптоо сыяктуу бир катар сунуштар камтылган. Бирок анда согушту токтотууга багытталган иш-аракеттер сунушталган эмес.
Батыш өлкөлөрүнүн лидерлеринин көбү Кытайдын сунушун салкын кабыл алып, ал Орусияга гана ыңгайлуу экенин ишарат кылышкан. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Кытайдан Орусияга басым жасоого жардам берүүсүн өтүнүп, Бээжинди курал-жарак бербөөгө чакырган.
Дагы караңыз
Новосибирскиде газ жарылганда жаракат алган кыргызстандык аял каза болдуИталияда мигранттардын кемеси кырсыкка учурап, 30 киши каза болдуФранцияда ири аскердик машыгуу башталдыУкраина: Кытайдын "тынчтык планы" кандай максатты көздөйт?