Новосибирскиде газ жарылганда жаракат алган кыргызстандык аял каза болду

Газ жарылгандан кийинки учур. Новосибирск шаары. 9-февраль, 2023-жыл.

Орусиянын Новосибирск шаарында 9-февралдагы газдын жарылуусунан жаракат алган кыргызстандык аял набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады.

Маалыматка ылайык, газ жарылган учурда анын омурткасы сынган. Ага Новосибирскидеги Травматология жана ортопедия борборунда операция жасалган. 21-февралда Бердск шаарындагы реабилитациялык борборго которулган. 24-февраль күнү ал Бердск шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, көп өтпөй каза болгон.

Маркумдун сөөгүн жакындары Ош шаарына алып кетишти.

9-февралда беш кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, үйдүн эки подьезди кыйраган. 15 адам набыт болуп, 30 батир жабыркаган.(ZKo)

Дагы караңыз

“Амазонду” жасалма интеллект жазган китептер каптады Баткенде жарылуудан чек арачы жоокер жаракат алды"Жаштайынан базарда иштеген балдардын көбү оорукчан болуп калды" Италияда мигранттардын кемеси кырсыкка учурап, 30 киши каза болдуФранцияда ири аскердик машыгуу башталды