Чүйдө күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 25-февралда саат 11:51де Чүй облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалымдашынча, силкинүүнүн күчү 3 баллды түздү.

3 баллдык силкинүү Сокулук районунун Киров, Асылбаш, Шалта, Москва районунун Садовое жана Беловодск айылдарында болгон. Ал эми Шопоков шаарчасы менен Москва районунун Петровка айылында эки балл болгону кабарланды. Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн жапа чеккендер жок.

23-февраль күнү очогу Тажикстанда болгон жер титирөө катталган. Очогунда 8 баллга жеткен силкинүү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Акыркы айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Баткенде, Ысык-Көлдө, Ош облусунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган.(ZKo)

Дагы караңыз

Москва - Киев: Согуштун эки тарабындагы кыргыздарМосква: "Вагнерчилер" көрүстөнүнөн жай тапкан кыргызстандыктарТабыкеңдин "суусамырлык дарбызы", Доке менен "дебат"УКМК: Адам уурдоого шек саналган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалдыТүркия менен Сириядагы зилзаладан каза болгондордун саны 50 миңден аштыАйсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште алтын медал тагынды