24-февралда АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага 2 миллиард долларлык жаңы аскерий жардам пакетин жарыялады. Анда HIMARS ракеталык системалары жана дрондор үчүн ок-дарылар болот. Жабдуулар америкалык өнөр жай тармагына буйрутма берилет, бирок дароо эле Киевге жеткирилбейт.
Ак үйдүн билдиргендей, пакетте CyberLux K8, Switchblade 600, Altius-600 жана Jump 20 учкучсуз учактары, Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө, калкты коргоо үчүн дрондорго каршы жабдыктар жана башка каражаттар бар.
24-февралда Ак үй орус экономикасына каршы санкциялардын жана чектөөлөрдүн да жаңы пакетин жарыялаганын "Америка добушу" кабарлады. Алар Орусияны колдогон 200дөн ашык жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү. Арасында орусиялыктар жана чет элдиктер бар.
Расмий кабарга ылайык, жума күнү "Чоң жетинин" лидерлери чогулуп, Орусияны согуш үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча жаңы экономикалык милдеттенмелерди жарыяламакчы. Жыйында буга чейин киргизилген санкциялардын аткарылышын көзөмөлдөө механизми түзүлгөнү айтылат.
Дагы караңыз
Зеленский Украина быйыл жеңиш үчүн баарын жасарын айттыМосквада айлык талап кылган мигранттар митингге чыгыштыБУУнун Орусия аскерлерин Украинадан чыгаруу резолюциясын 141 өлкө колдодуЫраакы Чыгышта согушка каршы чыккандар кармалдыЛондондо Орусия элчилигинин алдындагы көчө украин желегинин түсүнө боёлдуКаныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткарат