Москвада айлык талап кылган мигранттар митингге чыгышты

Иллюстрация

Орусиядагы "Крокус групп" курулуш компаниясында иштеген миңден ашуун мигрант төрт айдан бери айлык ала албай жатышат. Алар негизинен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары. "Озоди" радиосу жана "Настоящее время" кабарлагандай, жумушчулар 22-февралда нааразылык билдирип, маяна төлөөнү талап кылышты.

Мигранттардын биринин айтымында, аларды таратуу үчүн күзөтчүлөр асманга травматикалык куралдан ок аткан.

Москвадагы "Левобережный" комплексин куруп жаткан жумушчулар ишке кирерде орточо 50-60 миң рубл айлык убада кылынганын белгилешүүдө. Алар башында келишим түзгөнбү же жокпу, айлык маселесинде укук коргоо органдарына кайрылышканбы, азырынча маалымат жок.

"Крокус групп" холдинг азербайжандык ишкер Ораз Агаларовго таандык. Компаниянын өкүлдөрү маяналарын марттын башында төлөөгө убада берди.

Дагы караңыз

БУУнун Орусия аскерлерин Украинадан чыгаруу резолюциясын 141 өлкө колдодуИманалиев билим берүүнү жетектейт: Жаңы министрден эмне күтөбүз?Ыраакы Чыгышта согушка каршы чыккандар кармалдыСогушка бир жыл: Украина Орусияны жана дүйнөнү кантип таң калтырды?