Британиялык Led By Donkeys уюмунун активисттери 23-февралда Орусиянын Лондондогу элчилигинин консулдук бөлүмүнүн алдындагы көчөнү украин желегинин түсүнө боёшту.
Активисттердин айтымында, бул кадамы менен алар Орусиянын кол салуусунун бир жылдыгына карата Украинага тилектештигин билдиришти.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул акцияны өтө начар "психикалык кадам" катары мүнөздөдү.
Led By Donkeys уюму 2018-жылы түзүлгөн. Ал Брекзитке каршы болгондор менен Улуу Британиянын Консервативдик партиясын сындагандарды бириктирет.
24-февралда Орусиянын Украинага басып киргенине бир жыл болду. Бул датага байланыштуу бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да Украинага тилектештик акциялары өтүп жатат.
Дагы караңыз
Согушка бир жыл: Украина Орусияны жана дүйнөнү кантип таң калтырды?Украинадагы согуш: кыйроонун масштабы, спутниктен сүрөттөрБУУнун баяндамачысы Бишкек Болот Темиров боюнча кайрылуусуна жооп бербегенин жазды Баткен: Калыбына келтирүү иштери боюнча комиссия көчмө жыйын өткөрөт