Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандын аймагында жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда 8 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына караганда, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
"Азаттыктын" тажик кызматы 23-февралда таңга маал Дүйшөмбүдө жер 20-25 секунддай титирегенин, ал башка аймактарда дагы сезилгенин жазды. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтылган эмес. Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Сарезде абал тынч экенин билдирген.
Акыркы айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Баткенде, Ысык-Көлдө, Ош облусунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган. (КЕ)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү аракети көрүлүп жатканын билдирди БУУ: Украинадагы согушта сегиз миңден ашуун карапайым тургун набыт болду Байден Өзөктүк курал келишими боюнча Путиндин чечимин "чоң жаңылыштык" деп атадыАКШ элчиси Лесли Вигери менен Акылбек Жапаров кызматташтыкты талкуулады