Президент Жапаров Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү аракети көрүлүп жатканын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү аракети көрүлүп жатканын айтты:

"Бүгүнкү күндө элибиздин улуу жетишкендиги - өлкөбүздөгү туруктуулук, тынчтык жана биримдик! Күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, аскердик техника менен курал-жарактын жаңы түрлөрүн алуу, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын жакшыртуу аркылуу Куралдуу күчтөрүбүздүн дараметин мындан ары да өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда", - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстандын бардык аймактарында ушул аптада Мекенди коргоочулар күнүнө байланыштуу иш-чаралар өткөрүлдү.

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

Кыргызстанда 29-май - Куралдуу күчтөрүнүн күнү катары белгиленет. (КЕ)

Дагы караңыз

БУУ: Украинадагы согушта сегиз миңден ашуун карапайым тургун набыт болду Байден Өзөктүк курал келишими боюнча Путиндин чечимин "чоң жаңылыштык" деп атады“Керемет Банктын” иши боюнча УКМКнын дагы бир кызматкери кармалдыАКШ элчиси Лесли Вигери менен Акылбек Жапаров кызматташтыкты талкуулады