Кыргызстанда 1,5 миллион доллар легалдаштырылганы аныкталды

АКШнын валютасы жана Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабанда менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы текшерүү иштеринин жүрүшүндө жасалма документтерди пайдалануу менен каражаттарды легалдаштырган фактыларды аныктады. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды.

Анда айтылгандай, Кыргызстандагы “С.С.” аталышындагы фирма эл аралык товардык-акча которууну ишке ашыруу шылтоосу менен Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн бириндеги юридикалык жак менен келишим түзгөн. Фирма сырттагы компанияга жабдууларды жана механикалык каражаттарды жеткирмек болгон.

Коммерциялык документтерге ылайык, 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстандан башка өлкөгө 1,5 миллион долларлык товар жөнөткөн. Документтер жасалмаланган, иш жүзүндө товарлар чек арадан чыккан эмес. Сатуучулар банктык уюмдар аркылуу акчаны толук төлөгөн болуп, каражат накталай акчага айлантылган.

Тышкы соода келишимдерин жасалмалоонун максаты ири суммадагы каражатты адалдап, пайдаланууга багытталган.

Бул факт боюнча материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Учурдагы расмий курс менен санаганда 1,5 млн. доллар 130 миллион сомдон ашат. (ErN)

Дагы караңыз

Оор кылмышка айыпталган кыргызстандык Испаниядан алып келиндиӨкмөт райондук кеңештерди түзүүнү 2025-жылга калтырууну сунуштадыУруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети башталды Мамлекеттик Дума АКШ менен өзөктүк куралды чектөө келишимин токтотууну колдоду