Иран "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президентине санкция салды

Жейми Флай

Иран бийлиги “Эркин Европа/Азаттык” медиа корпорациясынын президенти Жейми Флайды санкциялык тизмеге киргизди. Анын аты-жөнү Евробиримдик менен Улуу Британиянын Тегеранга каршы санкцияларына жооп иретинде түзүлгөн кара тизмедеги 40 кишинин жана уюмдардын катарына кошулган.

Тегерандын расмий билдирүүсүнө ылайык, санкциядагы адамдардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат, эгер Иранда мүлктөрү болсо конфискацияланат.

Декабрда "Азаттык" радиосунун Иран кызматы жана франциялык Charlie Hebdo журналы ислам жумуриятынын санкциялык тизмесине киргизилген. Флай Тегерандын бул чечимин "авторитардык режимге мүнөздүү болгон абсурд" деп атаган.

Иран бийлиги өкмөткө каршы былтыр сентябрда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан жапырт нааразылык акцияларына Батышты айыптайт. Демонстрацияларда жүздөгөн жаран каза болду, айрымдары камалып, кийин дарга асылды.

Былтыр май айында Жейми Флайга Орусиянын Тышкы иштер министри санкция салган.

Дагы караңыз

"Азаттыкчы" Кыяс Молдокасымовдун алтымышынчы жазыУруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети башталды "Вагнер" азгырган дагы бир кыргыз жигиттин сөөгү келдиМектепке берилген белектин чуусу, Ташиевдин кайрымдуулугу