Оор кылмышка айыпталган кыргызстандык Испаниядан алып келинди

Колуна кишен байланган киши. Иллюстрациялык сүрөт.

Испаниянын Юстиция министрлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабын канааттандырды. Бул тууралуу негизги көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, айыпталуучу 2021-жылы бир жаранды бычактап, ден соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялап, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.

Шектүү 2023-жылдын 22-февралында Башкы прокуратуранын тапшырмасы боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди. (ErN)

Дагы караңыз

Атакеев: Мунапыс талаштуу үйлөрдүн баарына эле бериле бербейтИликтөө: Орусия 2030-жылга карай Беларусту оккупациялап алууну пландап жататМилиция Кой-Таш окуясында жай тургун каза болгону тууралуу маалыматты четке какты "Ала-ТВнын" негиздөөчүсү камакка алынды Өзгөндө бир үйдөн үч наристе иске ууланып чарчап калды