Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 22-февралдагы жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Ош-Сары-Таш-Эркештам жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
23-февралда Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…+1,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -1…-6 градус болот.
23-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° градусту түзөт.
Дагы караңыз
"Ала-ТВнын" негиздөөчүсү камакка алынды ӨКМ: Жалал-Абадда миңден ашык кожолук кооптуу аймакта жашап жататМакамы аныктала элек 122 конуш бар экени айтылды