"Ала-ТВнын" негиздөөчүсү камакка алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

"Ала-ТВ" компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров алдамчылыкка шектелип Бишкектин тергөө абагына камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жатканын 22-февралда “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, арызданган адам Халдаров аны 103 миллион сомго алдап кеткенин билдирген.

Халдаров эки жыл мурда дагы бир иш боюнча айыпталып, 280 миң сомдук айыпка жыгылган. Буга 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык "Скай Мобайл" компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы боюнча кылмыш иши негиз болгон.

Жаңы айыптоо боюнча ал өзү же жактоочулары комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Караколдо аялын өлтүргөн киши 15 жылга соттолдуӨКМ: Жалал-Абадда миңден ашык кожолук кооптуу аймакта жашап жататОрусияда түрмөдө отурган кыргызстандык Украинадагы согушта каза болду Макамы аныктала элек 122 конуш бар экени айтылды