Кишиневдо президент Сандуга каршы акция өттү

Молдованын президенти Мая Санду

Кишиневдо 19-февралда бир нече миң киши президент Мая Санду жана батышчыл өкмөткө каршылык билдирип, акцияга чыкты. Алардын көбү Орусия менен достук мамиледеги “Шор” партиясынын өкүлдөрү экени кабарланууда.

Бир нече күн мурда эле Мая Санду жана Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Кишиневде оппозициялык күчтөрдүн митингине жамынып, Молдовада мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну пландап жатканы тууралуу айтып чыгышкан эле.

Көчөгө чыккандар Сандунун отставкасын талап кылып, өкмөттү жарандардын кыш мезгилиндеги коммуналдык тейлөө үчүн эсептерин төлөп берүүгө чакырышты.

16-февралда премьер-министр Дорин Речан башында турган жаңы өкмөт ант берип, ишке киришкен. Доринди Кыймыл жана тилектештик башкаруучу партиясынын 62 депутаты колдогон эле.

Ал эми оппозициялык социалист жана коммунист депутаттар жаңы бийликке каршы чыгып, "Шор" партиясы сессияны бойкоттогон.

Молдованын мурдагы премьер-министри Наталья Гаврилица 10-февралда кызматын тапшырган соң, Санду анын ордуна 48 жаштагы Речанды көрсөткөн. Ал 2012-жылдан 2015-жылга чейин ички иштер министри кызматын аркалап, премьер-министр болуунун алдында коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча Сандунун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

Мая Санду Молдованы дестабилдештирүү аракети үчүн Орусияны бир нече ирет айыптаган. Ал "Орусиянын ыктымал кутуму тууралуу" украин атайын кызматтарынан маалымат алганын, анын максаты өлкөнүн бийлигин кулатып, Евробиримдикке кирүүсүн токтотуп, Украинадагы согушка каршы пайдалануу экенин билдирген.

Орусия мындай айыптоолор негизсиз экенин айтып, четке кагууда.

Украин расмийлери Молдованын жикчил Приднестровье аймагы Орусиянын Украинага каршы операциясы үчүн плацдарм катары пайдаланылышы мүмкүндүгүн эскертип келет.

Молдованын жикчил Приднестровье аймагында 400-500дөй орус аскери бар. Алар 1992-жылдагы согуштан кийин бейпил күчтөрүнүн ролунда калтырылган.

Дагы караңыз

Чаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилдиЗеленский Орусиянын ар бир чабуулуна укуктук баа берилерин эскерттиТүркия: боз үйлөргө зилзаладан жабыркагандар жайгаштырыла баштадыПрезиденттердин жолугушуусу: мыйзам жана кечиримАтамбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу билдирүү жасады