Түркия: боз үйлөргө зилзаладан жабыркагандар жайгаштырыла баштады

Кахраманмараш шаары.

18-февралда түркиялык "Демирөрен" маалымат агенттиги Кахраманмараш шаарында тигилген боз үйлөргө зилзаладан жабыркаган шаар тургундары жайгаштырыла баштаганын кабарлады.

Алар Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) координациялаган тизме менен киргизилет.

13-февралда зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарынын стадиондорунун бирине Кыргызстандан жөнөтүлгөн ондогон боз үй тигилген. Учурда Кыргызстандан барган боз үйлөрдө эки үй-бүлө баш калкалап турат. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркиянын Кахраманмараш шаарына Кыргызстандан 120дан ашык боз үй жөнөтүлгөнүн ырастаган.

18-февралда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жер титирөө болгон 11 аймакта 830 миң 806 имарат жабыркап, анын 105 миңи кыйрап калганын билдирди. Соңку маалыматтарга ылайык, зилзаладан каза болгондордун саны 40 642 кишиге жетти. 108 068 киши жараат алды.

Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги издөө, куткаруу иштери 19-февралда аяктарын кабарлады. (ElB)

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттүБишкек-Ош автоунаа жолундагы кар көчкү тазаланып, чектөө алындыМүнхенде Армения менен Азербайжандын лидерлери жолукту1-марттан тарта ККМдин эски үлгүлөрү колдонуудан алынат