Нуланд: АКШ Украинанын Крымдагы объектилерге сокку урганын колдойт

Виктория Нуланд

Вашингтон Орусия аннексиялап алган Крымдагы аскердик объектилерге Украинанын сокку урганын колдойт.

Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд билдирди.

"Орусия Крымда көптөгөн аскердик объектилерди курган. Алар мыйзамдуу буталар, биз Украинанын ал объектилерге сокку урганын колдойбуз. Жок дегенде Крым куралсыздандырылмайынча, Украина коопсуздукта болбойт", – деди ал.

Ал "Крымды аскердик жол менен бошотуу үчүн Украинага колдоо көрсөтүү менен Вашингтон Кремлдин "кызыл чийининен" өтүп кетүүдөн корккон жокпу?" деген суроого жооп берип, АКШ эч качан Крымды Орусияныкы деп тааныбаганын жана ал толугу менен Украинага таандык экенин белгиледи.

Politico басылмасы жазгандай, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эксперттер тобу менен өткөн видеоконференцияда "Украинанын Крымды аскердик жол менен бошотуу аракети Владимир Путин үчүн "кызыл чийин" болуп, бул Украинага каршы соккулардын мындан да күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин" айткан.

Ошол эле маалда Блинкен Крымга чабуул баштоо боюнча чечимди Украинанын бийлиги өзү гана кабыл алышы керектигин белгилеген.

Буга чейин америкалык маалымат каражаттары Пентагондун өкүлдөрүнө шилтеме кылып, Вашингтон Украинанын жакынкы убактарда Крымды бошотуп алуу жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санап жатканын кабарлашкан. АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли Украинанын аймагын аскердик жол менен толук бошотуу мүмкүн экенин, бирок "өтө оор" болорун билдирген.

Орусиянын айрым бийлик өкүлдөрү Украина Крымга чабуул баштаса, Москва катаал чараларды көрүшү мүмкүн экенин билдиришкен. Алар өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгын да кыйытышкан.

Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөсү 2014-жылы аннексияланган Крымды Орусияныкы деп тааныган эмес.

Орусиянын 2022-жылдын февралындагы кол салуусуна чейин Крымды тынчтык жолу менен кайтарып алуу керектигин белгилеп келген Киев эми жарым аралды күч менен бошотууга даяр экенин билдирүүдө.

Дагы караңыз

Орусия Украинанын аймагын ракета менен аткылады“Азаттык” эки министрлик менен соттошуудаКытай COVID-19ду жеңгенин жарыялады Кемпир-Абад иши: абактагы аялдардын бөгөт чарасын кароо улануудаШеримкулов Кыргызстандагы жер-суу аталышын өзгөртүүгө каршы чыккан орусиялык депутаттарга жооп берди