Кыргызстанда папиллома вирусунан өспүрүм кыздардын 68% эмделди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда папиллома вирусуна каршы 163 800 кыз эмдөөдөн өттү. Бул жалпы өлкөдөгү өспүрүм кыздардын 68% түзөт.

Саламаттык сактоо министрлиги вируска каршы өлкөдөгү өспүрүм кыздардын 90% же 228 миңдей кызды эмдөөнү көздөөдө. Министрликтин маалымдашынча, эмдөө кыздардын болочокто жатын рагына чалдыгуусунун алдын алат.

Расмий маалыматтарга ылайык, жатын рагына жыл сайын 600 аял чалдыгат, болжолдуу 300 аял андан каза табат.

11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө былтыр, 14-ноябрда башталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 9 жаштан 14 жашка чейинки – кыздарды эмдөөнү сунуштаган.

2006-жылдан бери папилломага каршы эмдөөнү дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсү жүргүзүп келүүдө. Уюмдун изилдөөлөрүндө бул өлкөлөрдө папиллома вирусунун жайылышы 70%, ал эми жатын моюнчасынын рагы эки эсеге төмөндөгөнү айтылат.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын аймагын ракета менен аткылады“Азаттык” эки министрлик менен соттошуудаКытай COVID-19ду жеңгенин жарыялады Кемпир-Абад иши: абактагы аялдардын бөгөт чарасын кароо улануудаШеримкулов Кыргызстандагы жер-суу аталышын өзгөртүүгө каршы чыккан орусиялык депутаттарга жооп берди"Арай көз чарай": Салык саясатынын аргасы жана чалмасы