Калифорнияда робот-таксилер сыноодон өткөрүлдү

"Амазонго" таандык Zoox стартабы робот-таксилерди сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Жүргүнчүнүн ролун компаниянын кызматкерлери аткарышты.

Төрт кишиге ылайыкталып, өз алдынча башкарылган бул транспортто руль же педаль жок. Жүргүнчүлөр эки-экиден бетме-бет отурушат.

Автоунаа 11-февралда Zoox компаниясынын Калифорниядагы эки имаратынын ортосунда тесттен өттү. Бул дээрлик 1,5 чакырым аралык.

Робот-таксилер кызматкерлерди бир кеңседен башка кеңсеге акысыз ташыйт. Бирок бул үчүн компания мамлекеттен кошумча уруксат алышы зарыл.

Дагы караңыз

Түркияга жардам эсебине 45 миллион сомго жакын каражат чогулдуИштамберди кениндеги кар көчкүдө төрт киши жараат алды “Ягода плюска" ишенип сызга отурган кыз-келиндер