Президент Жапаров Венгриянын премьер-министри Орбан менен жолукту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. 14-февраль, Будапешт.

Бүгүн, 14-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жолугушуп, бир катар маанилүү багыттар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуу алгач чакан жана кеңейтилген форматта өттү.

Расмий маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин, банк чөйрөсүндө, гидроэнергетикада, жашыл экономикада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн жана башка маселелерди талкуулашты.

"Премьер-министр Виктор Орбан эки элдин тарыхый тамыры бир экендигин баса белгилеп, Кыргызстан - мажарлардын ата-баба конушу экенин белгиледи. Ал буга чейин түзүлгөн достук жана бир туугандык мамилелер биргелешкен долбоорлорду практика жүзүндө ишке ашыруу керектигин, аларды ишке ашырууда ал башында турган Венгриянын өкмөтү бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жапаров мамлекеттердин соода-экономикалык мамилелеринде болгон потенциалга өзгөчө басым жасап, аны бир нече эсеге көбөйтүү керектигин айтып, мажар-кыргыз бизнес-форуму эки өлкөнүн компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүгө жардам берерине ишеним билдирди.

Президент Виктор Орбанды ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-13-февралда Венгрияга расмий сапар менен барды. Сапар алкагында ал Венгриянын президенти баштаган жетекчилери менен жолугушуп, бир катар документтерге кол коюлганы президенттин сайтында кабарланды. (КЕ)

Дагы караңыз

Атамбаев президент кезинде ЖМКларды сотко бергени үчүн өкүнөрүн айтты"Проект": Путин үчүн жашыруун темир жол станциялары менен курулган Алмазбек Атамбаев абактан бошотулдуТүркия-Сирия: Зилзалада 40 миңге чукул киши набыт болду, Сирияга гумжардам жетпей жатат