Кыргызстандык студенттер үчүн Венгрияда окууга 200 орун берилет

Садыр Жапаров жана Каталин Новак брифингде. Будапешт. 13-февраль, 2023-жыл.

Венгриянын окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн кошумча 200 орун бериле турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Венгрияга сапары учурунда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүдө жетишилди. Венгрия "200 Stipendium Hungaricum" программасынын алкагында бөлөт.

"Биз мындан ары да бул багытта кызматташууну бекемдөөгө даярбыз. Ушул күндөрү Будапештте алгачкы жолу кыргыз-венгер ректорлорунун жыйыны өтүп жатат. Бул эки өлкөнүн окуу жайларынын тыгыз кызматташтыгына негиз болуп бере алат деп ишенем", -деди президент.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен Евробиримдик, Түрк мамлекеттеринин уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу жөнүндө да сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-13-февралда Венгрияга расмий сапар менен барды. Сапар алкагында ал Венгриянын президенти баштаган жетекчилери менен жолугушуп, бир катар документтерге кол коюлганы президенттин сайтында кабарланды.(ZKo)

Дагы караңыз

Таанымал көз доктур Исманкулов эки айга камалдыКыргызстан-Венгрия: стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлдуТүркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден аштыАКШ жарандарын Орусиядан чыгып кетүүгө жана барбай турууга үндөдүКазакстанда мектеп окуучусу балдарга кол салды