НАТО: Орусия аскердик кубатын топтоп, Украинага чабуулун күчөттү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын президенти Владимир Путин согушту басуунун тынчтык жолуна кызыкдарлыгын көрсөтпөй, тескерисинче жаңы чабуулдарды жасап жатканын белгиледи. Баш катчы мындай шартта НАТО Украинага жардам көрсөтүү менен катар өзүнүн коргонуу кубатын дагы күчөтүшү зарылдыгын айтты.

Столтенберг шейшеби күнү Брюсселде НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда Украинага аскердик авиациялык көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланарын, Киевди тез арада курал менен камсыздоо чечүүчү фактор экенин билдирди. Ал биринчи кезекте украиндер артиллерия жана танктарды аларын кошумчалады. Евробиримдиктин өлкөлөрү макулдук берген соң, Германияда украин аскерлери «Леопард 2» танкын башкарууну үйрөнө баштады.

Столтенберг НАТО Украинага жардам берүү үчүн гана эмес, өздөрүнүн кампасын дагы толтуруу үчүн курал запасын көбөйтүү керектигин белгиледи.

Reuters маалымдагандай, АКШ быйыл артиллериялык снаряд өндүрүшүн көбөйтүп, ай сайын 90 миңден чыгарууну пландап жатат. Согушка чейин алар ай сайын 14 400 снаряд өндүрүп келген.

Франция 2023-жылы ок-дары өндүрүү бюджетин 2 миллиард еврого көбөйттү.

НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери 14-15-февралда Брюсселде "Рамштайн" форматында жолугушат.

Дагы караңыз

Украина: орус аскерлери кеминде 93 туткунду өлтүргөн "Керемет Банк" кезектеги чырдын бутасындаТаанымал көз доктур Исманкулов эки айга камалдыБУУ: Түркия менен Сирияда зилзаладан 26 миллион киши жабыркады"Жарыяга ишенип, 30 миң сомдон кол жуудум"